Ozon"до дүкөн үчүн иштеген бизнес-планды кантип тез арада түзсө болот
Маркетплейстер миллиондогон кардарларды тартуу менен, барган сайын кеңири таанылып жатат. Ozon"дун өзүндө эле 56,5 миллион жигердүү колдонуучу бар, алардын ар бири жыл сайын орточо эсеп менен 26 буйрутма жасашат. Маркетплейске чыгуу – бул чоң аудиторияга жетип, улам өнүгүп жаткан сегментте өз ордуңузду табуу дегенди билдирет. Бирок ийгиликтүү башат үчүн так план керек. Болгону эки күндүн ичинде сатуулардын стратегиясын кантип даярдаса болорун айтып беребиз.
1-кадам: Максатты так аныктап, рынокту талдап чыгыңыз
Ишти баштардын алдында максаттарды так туюндуруп алганыңыз маанилүү: өз ордуңузду таап, оффлайн-бизнесиңиздин аудиториясын кеңейтип же жаңы дүкөн түзүү менен бир заматта буйрутмалардын туруктуу агымын кармагыңыз келеби? Бул суроого жооп берүү менен артыкчылыктарды туура аныктап алсаңыз болот.
Эгерде сиз Ozon"до сатууну пландап жатсаңыз, анда биринчи кезекте Ozon.Seller сайтында каттоодон өтүңүз. Бул сизди ошол замат товарларды жеткирүүгө милдеттендирбейт, бирок аналитиканын бардык аспаптарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жеке кабинетте категорияларды салыштырып, баалардын динамикасын жана атаандаштыкты баалоого болот, бул болсо стратегияны тандоо процессин кыйла жеңилдетет.
Кийинки баскыч – рынокту изилдөө. Атаандаштарды талдап, алардын ассортиментин, баа саясатын, товарларды таанытуу ыкмаларын баалап чыгыңыз. Жогору суроо-талапка ээ болгон товарларды аныктап, бош турган орундарды ээлөө үчүн Ozon"дун аналитикалык аспаптарын колдонуңуз.
2-кадам: Ассортиментти тандап, бааны бычыңыз
Ассортименттерди аныктап алыңыз. Жогору суроо-талапка ээ болгон товарларды тандап алып, сиздин атаандаштык артыкчылыгыңыз эмнеде экендигин баалаңыз. Бул уникалдуу сапат, пайдалуу баа же кошумча сервистер болушу мүмкүн.
Ozon"дун аналитикалык аспаптары кайсы товарлар суроо-талапка ээ болгонун, кайсы позициялар бүтүп баратканын жана колдонуучулар эмнелерди издей турганын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Бул маалыматтар сатуу потенциалы жогору болгон ассортиментти тандоого жардам берет.
Бааларды бычып жатканда рынокко багыт алыңыз: сатып алуулардын баасын, маркетплейстин комиссияларын жана логистикалык чыгымдарды эске алыңыз. Ozon кызматташуунун ийкемдүү моделдерин сунуштайт. Сиз төмөнкү схемалардын бирин тандап алып же аларды айкалыштырсаңыз да болот.
- FBS - Ozon аркылуу жеткирүү менен сатуучунун кампасынан алып сатуу.
- realFBS - сатуучунун өз алдынча логистикасы.
3-кадам: Товарларды даярдаңыз
Товардын бар болгону – бул Ozon"до туруктуу бизнес жүргүзүүнүн негизги факторлорунун бири. Ар кандай варианттарды караштырыңыз. Мисалы, өндүрүш, дүңүнөн саткандардан алуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен кызматташуу. Өнөктөштөр товарлардын өз убагында жеткирилишин камсыз кылып, продукциянын сапатын сактаганы маанилүү.
4-кадам: Сапаттуу контентти жасаңыз
Товар тууралуу түшүнүк бар болгондо, анын сүрөттөрүнө жана сүрөттөлүшүнө көңүл бурганыңыз маанилүү. Товардын карточкасы – бул сатуулардын негизги аспабы, ал атаандаштардын арасынан өзгөчөлөнүп, кардарларды тартууга мүмкүндүк берет.
Эмнелерди эске алыш керек:
- ар кайсы ракурстардан тартылган сапаттуу сүрөттөр;
- товардын өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын чагылдырган толук сүрөттөлүш;
- өлчөмдөрдүн таблицалары жана тандоого жараша сунуштамалар;
- товар кантип иштей турганын көрсөткөн видео-серептер.
Пландоо баскычында сүрөттөрдү жана видеону тартууну кантип уюштуруп, сапаттуу сүрөттөмөлөрдү кантип түзүп, карточкаларды оптималдаштырса болорун ойлонуп көргөнүңүз маанилүү. Сиздин чөйрөдөгү иши жүрүшкөн сатуучулардын тажрыйбасын жакшылап изилдеп чыгыңыз.
5-кадам: Жарнамаларды пландаңыз
Товарды таанытуу алгачкы кардарларды таанытып, өсүштү тездетүүгө жардам берет. Ozon бул тапшырманы аткаруу үчүн сатуучуларга ар кандай аспаптарды сунуштай алат.
- Трафареттер – товардын карточкасын кеңири таанытат;
- Топ тизмеге чыгаруу – изделгендердин жогорку позициясында сиздин товарды кармап турууга жардам берет;
- Сунушталган товарлардын катарына чыгаруу – сиздин товар "Башка сунуштарыбыз", "Кошо сатылган товарлар" деген блоктордо пайда болот.
- Ozon"дун сатып түгөтүү акцияларына катышуу – товарыңызды кеңири таанытып, соодаңызды кызытат.
Ошондой эле тышкы каналдар натыйжалуу боло алат. Мисалы, социалдык тармактарда жарнаманын, контексттик жарнаманын, блогерлер менен иштөөнүн жыйынтыгы жакшы болот. Маркетинг стратегияңызды алдын ала ойлонуштуруп көрүңүз.
6-кадам: Талдоо жана оптималдаштыруу
Ишке киргенден кийин статистикага көз салып турушуңуз керек. "Сатуучунун аналитикасы" бөлүмүндө сатуулардын жана конверсиянын ыргагын баалап, жарнама өнөктүктөрүнүн натыйжалуулугун талдап, ошондой эле кайтарым байланышка көз салып, товарлардын рейтинги карап туруш керек. Маалыматтарды туруктуу негизде талдоо стратегияны өз убагында өзгөртүүгө, товарлардын карточкаларын жакшыртууга, ассортиментти кеңейтип же өзгөртүүгө жана рентабелдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Маркетплейсте дем алыш күндөрү эле бизнес-планды даярдоого болот – системалуу мамиле жасасаңыз бул ишке ашчу маселе. Так туюндурулган максаттар, рынокко жасалган талдоо, бааны туура бычуу, сапаттуу контент жана ойлонуп жасалган жарнама рынокко мүмкүн болушунча аз тобокелдиктер менен кирип, көбүрөөк ийгиликке жетүүгө жардам берет. Ишти баштоо үчүн зарыл болгондун баарын Ozon"до сатуучунун жеке кабинетинде тапса болот, ал эми окуу материалдары жана аналитика стратегияны оптималдаштырып, туруктуу өсүшүнө жетүүгө көмөктөшөт. Өз бизнесиңизге карай биринчи кадамды жасаш үчүн Ozon.Seller сайтында катталыңыз.