Ozon менен тамакты жаңыча даярдайбыз: идеялар жана эксперимент үчүн кулинардык челленж
Жаз – бул табият жандана баштаган мезгил, ошону менен бирге тамак жасоодогу адаттарга жаңы идеяларды кошуу үчүн мыкты шылтоо да болот. Кулинардык челленж – бул күнүмдүк тамактанууну ар түрдүү кылып, адаттан тыш рецепттерди сынап көрүп, тамак даярдоодон ырахат алуунун ыкмасы. Эмне себептен мындай форматты байкап көрүш керектигин, ашканадагы кайсы жардамчылар аны ого бетер ыңгайлуу кылаарын Ozon менен бирге айтып берели.
Кыштан кийин ар бир адам жеңилдикти жана өзгөрүүлөрдү өзгөчө эңсеп калат эмеспи. Мындай каалоо жашоо образына гана эмес, тамактанууга да тиешелүү болот.
Кулинардык челленж көнүп калган менюну унутуп, жаңы тамактардын даамын татып көрүүгө жардам берет. Муну эмне үчүн жасаш керектигине бир нече жүйө келтирели:
- Тамактанууңуз жаңыланат. Кышы менен жеген тамактардан кийин сиз жаңы азыктарды, жашылчаларды жана жеңил тамактарды эңсейсиз.
- Жаңы көндүмдөрдү үйрөнөсүз. Жаңы рецепттер менен жасалган эксперименттер тамактануунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө жардам берет.
- Сергек жашоо. Жаңы мезгил башталганда ден соолукка пайдалуу ингредиенттерге басым жасаган тең салмактуу жаңы менюну түзүүгө жакшы себеп болот.
- Кулинардык илхам пайда болот. Башка өлкөлөрдүн ашканаларын сынап көрүп, унутта калган рецепттерге кайтып, же өзүңүзгө жаккандай вариантты ойлоп табуу үчүн мүмкүнчүлүк болот.
Кандай челленждерди сынап көрө аласыз?
Форматтар ар кандай болушу мүмкүн – ар бир жуманын тематикасын түрдүү кылсаңыз да болот, өзүнчө кулинардык эксперименттерге чейин жасай аласыз. Бир нече классикалык варианттарды сунуштайбыз.
- Бир жума тамакты белоктун өсүмдүк булактары менен жасаңыз. Мисалы: буурчакты, жаңгакты, козу карындарды кошуңуз.
- Сезондук азыктар менен эксперимент жасап көрүңүз – ушул маалда өскөн жаңы азыктарды гана кошуңуз.
- Гастрономиялык саякат жасап көрүңүз – күн сайын ар кайсы өлкөлөрдүн тамактардын даамын татыңыз.
- Ретро-ашкананы сунуштайбыз – эски кулинардык китептердеги рецепттерди колдонуп көрүңүз.
- Фитнес-челленж – туура тамактанууга басым жасоо менен пайдалуу тамактардын жумалыгын өткөрүңүз.
Жаңы тамактар үчүн идеяларды кулинардык китептерден, блогдордон же тематикалык рецепттердин жыйнактарынан тапсаңыз болот, мисалы, "Дүйнөлүк ашкана", "Сезондук рецепттердин китеби" же Толкиен сүрөттөгөн дүйнө боюнча "Орто жердин рецепттери" деген китептерди барактап көрсөңүз болот.
Челленж үчүн эмнелер керек болот?
Тамак жасоо процесси ыңгайлуу болушу үчүн керектүүнүн баарын алдын ала даярдап алганыңыз маанилүү. Жакшы бычактар, табалар жана казандар тамак даярдоону тездетип, ыңгайлуу кылат. Заманбап гаджеттер тамактар менен эксперимент жасап, убакытты үнөмдөөгө жардам берет: мештин жана буу менен бышыргычтын ордуна аэрогрилди колдонуңуз, мультинаабай эртең мененки тамактар үчүн жаңы ыкмаларды сунуштайт, ал эми ашкана таразасы ингредиенттерди так өлчөөгө жардам берет. Кулинардык китептерди жана рецепттери бар ыңгайлуу тиркемелерди тапканыңыз да пайдалуу болот, сизге дем берген тамактардын булактарын издеп көрүңүз.
Кулинардык челленж – бул тамактанууну көп түрдүү кылып, жаңы тамактарды үйрөнүп, жөн гана тамак жасоо процессинен ырахат алуу мүмкүнчүлүгү. Ал эми тамак даярдоо ыңгайлуу болсун десеңиз, ашкана үчүн бардык керектүү аксессуарларды Ozon"дон ыңгайлуу жол менен алдырта аласыз. Бүгүнкү күндө Ozon"до 20дан ашык категорияда 370 миллиондон ашык товар бар: китептерден жана кийимдерден баштап, ашкана техникасын жана үй кулинариясы үчүн товарларды табасыз.