Кыргыз-Өзбек форуму. Эки өлкө ортосунда 168 миллион долларлык документке кол коюлду
RU

Кыргыз-Өзбек форуму. Эки өлкө ортосунда 168 миллион долларлык документке кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында өткөн "Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 миллион долларлык 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында "Кыргызстан - Өзбекстан" бизнес-форумунун жүрүшүндө кол коюлган документтер:

  • Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча "Жол картасы";
  • Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын "Art Soft Holding" ишканасынын ортосунда суммасы 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын "Baxodir Log"on Tekstil" компаниясы (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;
  • Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстандын "Baxodir Log"on Tekstil" ишканасынын (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын "Бай Дыйкан" ишканасы менен Өзбекстандын "Узкимёимпекс" КБ ортосунда суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;
  • "Бай Дыйкан" ишканасы менен Өзбекстандын "Golden Corn" ишканасы ортосунда суммасы 100 млн долларлык Өзбекстанга Кыргызстандын жүгөрү данын жеткирүү келишим;
  • Кыргызстандын "ТНК" Дастан" ачык акционердик коому менен Өзбекстандын "Тошэлектроаппарат" ЖЧК ортосунда Кыргызстанда электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын "Элет Байтерек" ЖЧКсы менен Өзбекстандын "Узпромстройматериалы" ассоциациясы ортосунда базальт ташын кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;
  • Кыргызстандын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын "Узавтосаноат" акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстан Республикасынын "UzXCMG" ЖЧКсы ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
  • Кыргызстандын "Кыргыз Эко Экспорт" ЖЧКсы менен Өзбекстандын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн долларлык айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишим.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10076