Нурлан Насип эшигинин алдына бир нерсе чачып кеткен аял байланышып, түшүндүрмө берди дейт
RU

Нурлан Насип эшигинин алдына бир нерсе чачып кеткен аял байланышып, түшүндүрмө берди дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Нурлан Насип эшигинин алдына белгисиз аял бир нерсе чачып кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал видеосу менен да бөлүшкөн. Андан бир аялдын батирдин эшигине бир нерсе чачканын байкоого болот. Ырчы мырза аялды тааныгандар болсо маалымат берүүнү суранды.

"Аалымдарга көргөзсөм кара дуба дешти", - деп жазды ал.

Бул билдирүүдөн кийин видеодогу аял байланышканын Нурлан Насип кабарлады.

Айтымында, аял уулу жана кызы менен келип жолугуп, окуя боюнча түшүндүрмө беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10089