Өзгөчө кырдаал киргенден бери болжол менен 1,8 млн адам акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады
RU

Өзгөчө кырдаал киргенден бери болжол менен 1,8 млн адам акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Март айынын ортосунда COVID-19 таажывирус пандемиясы жөнүндө жарыялаган учурга туура бир жыл толду. Ушул убакыттын ичинде дүйнө укмуштай өзгөрүүлөргө дуушар болуп, алардын айрым бөлүгүн бир нече жыл мурун божомолдоп берүү дагы кыйынга турган. Пандемия жашоонун дээрлик бардык чөйрөлөрүн козгоп өтүп, эмгек рыногуна олуттуу таасирин тийгизди, ал жумуш орундарынын кыскартылышында, же болбосо жумуштуулуктун кыскартылышында же башка, атап айтканда жумуштуулуктун аралыктан иштеген түрлөрүнө өтүүдө байкалган.

Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) баалоосу боюнча COVID-19дун таасири 2009-жылдагы экономикалык каатчылыктын таасирине караганда кыйла жогору болуп, кооптуу туруксуздандырууга алып келген. Бул 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу жумуш убактысынын бүткүл дүйнөлүк көлөмүнүн болжол менен 8,8%га кыскаруусунда кескин байкалган, бул 255 миллион жумушчунун толук жумуш убактысына барабар. ЭЭУнун баалоосуна ылайык, дүйнөлүк масштабда 2020-жылы жумуш убактысынын кыскарышы жумуштуулуктун кыскаруусуна жана жумуш ордун сактап калгандар үчүн жумуш убактысынын көлөмүнүн азайышына алып келген.

Ошол эле учурда жоготуулардын көлөмү ар кайсы региондордо кыйла өзгөрүп турган. Жумуштуулук эң көп Түндүк жана Түштүк Америкада кыскарган, эң аз кыскартуу Европа жана Борбордук Азияда болгон, ал жерлерде, айрыкча Европада жумуш орундарын сактап калуу чаралары жумуш убактысынын көлөмүнүн азыраак төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. Жыйынтыгында өткөн жылы бүт дүйнө жүзү боюнча жумуштуулук болуп көрбөгөндөй төмөндөдү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 114 миллион жумуш ордун жоготууга барабар. Аялдар арасында жумуштуулуктун кыскарышы эркектерге караганда 5%га жогору болгон. Бардык региондордо аялдар эркектерге караганда экономикалык жактан жигерсиз, башкача айтканда каатчылык учурунда жумушчу күчүнөн тышкары болушкан. Жаш жумушчулар дагы аялуураак болуп чыкты: бул топтогу кыскаруу улуураак курактагы жумушчуларга караганда 8,7%га жогору болгон.

Эл аралык эмгек уюмунун баалоосуна ылайык эмгек ишмердигинен түшкөн жалпы дүйнөлүк киреше кирешелерди колдоо чараларын эсепке албаганда, өткөн жылы 8,3%га төмөндөп, 3,7 триллион АКШ долларын же дүйнөлүк ички дүң өнүмүнүн 4,4%ын түзгөн. Эмгек кирешесиндеги көбүрөөк, атап айтканда 10,3% жоготууларга Түндүк жана Түштүк Американын жумушчулары дуушар болушкан, ал эми эң аз жоготуулар Азия-Тынч океан региондорунда (6,6%) аныкталган.

2021-жылы кандай перспективалар күтүлүүдө?

ЭЭУнун эксперттери 2021-жылдын экинчи жарымында экономиканын, анын ичинде эмгек рыногундагы кырдаалдын акырындык менен туруктуу калыбына келтирилишин күтүүгө болот, ага COVID-19га каршы эмдөө жардам бериши керек экендигин белгилешет.

Эл аралык валюта фондунун божомолдоолоруна негизделген кырдаалдын өнүгүшүнүн болжолдуу үч сценарийи бар.

  • Базалык сценарий ушул жылы 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу жумуш убактысындагы андан аркы жоготуулар 3,0%ды божомолдойт, бул толук жумуш убактысынын эквивалентинде (ТЖУЭ) 90 миллион жумуш орундарына туура келет.
  • 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу пессимисттик сценарийге ылайык 2021-жылы жумуш убактысындагы жоготуулар 4,6% деңгээлинде же ТЖУЭде 130 миллион жумуш орунунун деңгээлинде калат.
  • Кыйла жагымдуу шарттарды божомолдогон оптимисттик сценарийде дагы 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу быйылкы жылы жумуш убактысынын бүткүл дүйнөлүк көлөмүнүн 1,3%га (же ТЖУЭде 36 миллион жумушчу орунга) кыскартылышы баары бир күтүлүүдө.

Кыргызстанда абал кандай?

Эл аралык эмгек уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин суроо-талабы боюнча 2020-жылы пандемиянын эмгек рыногуна жана жумуштуулукка тийгизген таасирине тезинен баа берүүгө жетишти.

Ушул тобокелдикти баалоого ылайык каатчылыктын башталышында болжол менен 737 миң жумушчу Кыргызстандын баарынан көбүрөөк: соода, транспорт жана кампа чарбалары, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу, кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр жана искусство менен көңүл ачуу тармактарында иштегендер жабыркаган.

Бул тобокелдиктер жумуштуулукка реалдуу таасирин тийгизүүгө алып келүүчү масштабдардагы өндүрүмдүүлүктүн өзгөрүшүнө гана эмес, эң негизгиси ар кайсы тармактарда басымдуулук кылган жумуштуулуктун түрүнө жана кирешенин альтернативдүү булактарына, анын ичинде социалдык төлөмдөргө жана акча которууларга байланыштуу болот.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин баалоосу боюнча 2020-жылдын апрель айынын башында өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгендиктен, болжол менен 1,8 миллионго жакын адам акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Акча табуу мүмкүнчүлүктөрү жоголгондугу мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында катталган жумушсуздардын санынын 2020-жылдын январь айында 76 миң адамдан 2020-жылдын июнь айындагы 78,5 миң адамга чейин өсүшүндө жарым-жартылай чагылдырылды. 2021-жылдын мартына карата Кыргыз Республикасынын иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 78,4 миң адамды түзгөн.

Экономика министрлиги тарабынан 2020-жылдын май айында жүргүзүлгөн алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, 700 миңге жакын адам же болжол менен каатчылыкка чейин иштеген ар бир үчүнчү адам жумуштан убактылуу бошотулган, анын ичинде убактылуу кыскартууларга, эмгек келишимдерин токтото турууга жана эмгек акысы сакталбаган мажбурланган өргүүгө чыгарылган.

Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери тейлөө чөйрөсүнөн чыгарылып калган айрым жарандар айыл чарбасында жумуш таба алышат деп божомолдошот, анткени чектелүү социалдык коргоо шарттарында жана альтернативдик киреше булактарынын жоктугунан улам тейлөө чөйрөсүнөн чыгарылган жумушчулар жашоосуна акча иштеп табуу талап кылынат. Ошол эле учурда формалдуулугу төмөн жана өндүрүмдүүлүгү азыраак сектор тарапка өтүү Кыргызстандагы уланып жаткан түзүмдүк кайра уюшулуу процессине тоскоолдуктарды жаратуусу белгиленет. Каатчылык жумушсуздукка жана аракетсиздикке эле эмес, расмий эмес жана иш менен толук эмес камсыз болуу масштабдарынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Аялдар жана жаштар бүт дүйнө жүзүндөгүдөй эле тобокелчиликтерге көбүрөөк кабылып калышат жана бул тенденция дагы бир нече убакытка чейин улана берет.

ЭЭУнун эксперттери көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык коргоонун жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн натыйжалуу жана туруктуу программаларына багытталган саясаттын варианттарын иштеп чыгуу зарыл деп эсептешет.

Экономиканын калыбына келишине жараша көптөгөн жумушчулар ар кандай кесиптердеги жана тармактардагы өзгөрүлүп жаткан суроо-талапка жооп берүү үчүн кайра даярдоодон өтүшү керек болот.

Эмгек рыногунун жигердүү саясаты жумушсуздуктун мүмкүн болгон зыяндуу кесепеттерин азайтып, көңүл калууну азайтып, өндүрүмдүүлүктү жана кирешелерди жогорулатууга жардам бере алат. Учурдагы программалар (кесиптик багыт берүү, жумуш издөөгө жардам берүү, кесиптик даярдык жана коомдук жумуштар) жумушсуз калган жана пандемиянын кесепетинен узак мөөнөттүү жумушсуздук тобокелдигине кабылган адамдарды колдоо үчүн кеңейтилиши мүмкүн.

ЭЭУ ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик органдардын ортосундагы натыйжалуу кызматташтык, ошондой эле жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн уюмдарынын катышуусу дагы Кыргызстан үчүн биринчи мааниге ээ экендигин белгилейт. Кызматташуунун мындай принциптери артыкчылыктарды белгилөөгө жана саясатты иштеп чыгууга дем берип, саясий чараларга карата кызыкдар тараптардын колдоосун алууга, ошондой эле саясаттын таасир тийгизүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1008