Шавкат Мирзиёевдин иш сапары аяктады
RU

Шавкат Мирзиёевдин иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон 2 күндүк мамлекеттик иш сапары аяктады.

Иш сапардын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын соңунда "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында меймандарга этномаданий программа тартууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10105