Ошто официант "Тазалык" ишканасынын кызматкерин тейлөөдөн баш тартып, кафеден кууп чыккан
RU

Ошто официант "Тазалык" ишканасынын кызматкерин тейлөөдөн баш тартып, кафеден кууп чыккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто официант, иш күндөн кийин чай ичейин деп келген "Ош - Тазалык" муниципалдык ишканасынын улгайып калган кызматкерин кафеден кууп чыккан. Бул видео социалдык тармактарга тарап, элдин нааразычылыгын жаратты.

Белгилүү болгондой, окуя 17-мартта "Бунед" кафесинде болгон. "Ош - Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңиш Молдоташев иш күндөн кийин чай ичкени кафеге кирген. Анын айтымында, кафенин ичине кирбестен, тапчанга чай алып келип берүүнү суранган. Официант кыздан, чай алып келип берчи деп суранса, ал баш тартып, бул жактан кетип калуусун буюрган. Кардарга өтө орой мамиле кылып, аны кемсинтип, басынткан. Кафенин башка кызматкерлери көрүп турса да, эч кимиси үн каткан эмес.

"Менин үйүм шаардан алыс, өзүм Мады айылынан болом. Жумуштан кийин тамактанып алайын деп киргем. Кирсем тейлөөчү "сасыбай жоголчу, чыгып кет" деп кууп чыкты. "Акчам бар кызым, акчама сатып алып ичем" десем да болбой койду. Буга чейин да бир жолу кирсем, отургузбай кууп чыгышкан", - деди ал.

Жеңиш Молдоташевдин айтымында, ал 12 жыл Казакстанда кулчулукта болуп келген. Мады айылында карындашынын үйүндө жашайт.

"Бунед" кафесинин администратору Фархат Касымов "Ош - Тазалык" муниципалдык ишкананын кызматкерин кууп чыккан официант иштен кетти, деп билдирди.

"Бул кардарыбыз менен бир жолу ушундай окуя болуп жатканына өзүм күбө болгом. Ошол учурда тейлөөчү кызга катуу эскертүү берип, бул акени өзүм тейлеп, тамак бергем. Тамактардын жарым акчасын алганбыз. 100 сом берип, "дайым ушул жерден тамактанып туруңуз" дегем. Кечээ да ушундай окуя болуптур, мен жок элем. Ал кыз ушул күндөн баштап иштен кетти. Ошол "Ош Тазалык" ишканасынын кызматкеринен кечирим сурап коюңуз, деп кетиргенбиз", - деди Фархат Касымов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1010