"Түндүк-Чыгыш" бажысы 2021-жылга караганда бажы төлөмдөрүн 25,6 млрд сомго көп чогултту
RU

"Түндүк-Чыгыш" бажысы 2021-жылга караганда бажы төлөмдөрүн 25,6 млрд сомго көп чогултту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын январь-декабрь айларында "Түндүк-Чыгыш" бажысы тарабынан 45,0 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү келип түштү.

Акыркы 6 жыл ичинде мамлекеттик бюджетке "Түндүк-Чыгыш" бажысынан түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү.

Ушул эле мезгил менен салыштырганда:

  • 2017-жыл – 27,3 млрд сомго көп
  • 2018-жыл – 15,8 млрд сомго көп
  • 2019-жылы - 21,7 млрд сомго көп
  • 2020-жылы - 38,4 млрд сомго көп

2021-жылдын 12 айы үчүн бул сумма 19,4 млрд сомду түздү. Тактап айтканда, 2022-жылы 25,6 млрд сомго көп чогулуп, өсүү темпи 232,0%ды түздү.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген план 100,8%га аткарылып, 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10127