Индиялык инвесторлор Акылбек Жапаров менен жолугуп, долбоор сунуштады
RU

Индиялык инвесторлор Акылбек Жапаров менен жолугуп, долбоор сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Индиядан келген инвесторлордун делегациясын кабыл алды. Тараптар медициналык камсыздоонун жаңы системасын калыптандыруу маселесин талкуулашты дешет Министрлер кабинетинен.

Инвесторлор белгилегендей, сунушталып жаткан медициналык камсыздоо системасы, биринчи кезекте, каржылоо жагынан айырмаланат. Ага медициналык кызмат көрсөтүү гана эмес, медициналык мекемелерди оңдоо, жабдууларды сатып алуу жана чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу аркылуу медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу да камтылат.

Пилоттук долбоор катары 4 оорукана тандалып алынат, анда аталган система ишке киргизилет.

Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага сунушталып жаткан долбоорду дыкат иликтеп чыгууну, ошондой эле аны ишке ашыруу, анын ичинде 4 пилоттук долбоордун алкагында баштапкы этапта ишке киргизүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.

Ал система аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана калктын социалдык жактан аяр катмары үчүн мүмкүн болушунча ийкемдүү жана жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10142