Өлкөгө жаңы автобустар, тракторлор, тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаалар алынды. Сүрөттөр
RU

Өлкөгө жаңы автобустар, тракторлор, тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаалар алынды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражаттарынын негизинде келген 100 даана автотехника - 85 өрт өчүрүүчү унаалар, 10 авариялык-куткаруучу унаалар, 3 автотепкич жана штаб үчүн 2 унаа тапшырылды. Бул техника өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 тез жардам унаасы сатып алынды, алар дагы өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөт.

Мындан башка Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 120 автобустарды сатып алды. Ошондой эле муниципалитетке дөңгөлөктүү тракторлор, багбанчылык машина-экскаваторлор, кран-манипулятор сатып алынды.

Мамлекет башчы "Ала-Тоо" борбордук аянтына коюлган жаңы техникаларды көрүп чыгып, алардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10152