Чүй электр тармактар ишканасынын адиси кызмат үчүн пара сунуштаганга шектелүүдө
1991
Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүүгө шектелүүдө. УКМКдан билдиришкендей, адис ири өлчөмдө акча которуп жатканда колго түшүрүлгөн.
Кабарлангандай, 31-январда атайын жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 000 сом акча каражатын которуп жаткан учурда Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.
Тактап айтканда, кармалган Т.М.З. Аламүдүн райондук электр тармактарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10159