10 жаштагы памирлик кыргыз бөйрөгүнөн жабыркап жатат. Депутат жардам берүүнү сунуштады
RU

10 жаштагы памирлик кыргыз бөйрөгүнөн жабыркап жатат. Депутат жардам берүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10 жаштагы Кандигүл аттуу памирлик кыргыз бөйрөгүнөн жабыркап, ага жардам топтоо башталды. Бул туурасында Турганбай Памири билдирди.

Айтымында, кыздын эки бөйрөгү тең ооруйт, бирок бир бөйрөгү жарабай калган.

"Учурда кыз Ооганстандын Кундуз деген жеринде, ага операция керек болуп жатыптыр. Атасы 2 жыл мурда каза болуп калган. Апасы башка балдарын карап Памирде. 1 жылдан бери ооруйт, шишип кеткенде атасынын эжеси Афганистандагы Кундуз деген шаарына алып барыптыр", - деди ал.

Кандигүлгө жардам берүү сунушун депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Мен түшүнөм, бөйрөгү ооругандар Кыргызстанда деле толтура. Бирок биз өз мекенибиздебиз. Памирде дарыгер болбосо, шарты, каражаты жок болсо... Ушул кызга жардам бербейлиби", - деди эл өкүлү.

Турганбай Памири кошумчалагандай, каражат топтоо үчүн атайын эсеп ачылган. Тиешелүү каражат чогулса эсеп жабылып, каражатты муктаж болуп жаткан кызга жеткирет.

  • Мбанк: 0708 16 9007
  • О! Деньги; 0702 702 715
  • Сбер карта: 2202203210022580
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10172