"Эмчегим киши көргүс болуп жарылды". Рак оорусу менен жабыркаган кыл кыякчынын маеги
RU

"Эмчегим киши көргүс болуп жарылды". Рак оорусу менен жабыркаган кыл кыякчынын маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-февраль - залалдуу шишик дарты менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күнгө карата өлкөдө дартты аныктоо жана алдын алуу жумалыгы өттү.

Тилекке каршы, залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жаткандардын арасында белгилүү инсандарыбыз да жок эмес. Алардын бири кыл кыякчы, жеке ырчы, "Даңк" медалынын ээси Гүлнара Сыдыкбекова. Рак оорусунун 4-даражасы менен жабыркап жаткан Гүлнара айым менен Kaktus.kg сайты маек курдук.

"10 жылдан кийин эмчегим киши көргүс болуп жарылды"

"Мен оорудум деген сөздү кайталагым келбейт. Аты жаман ооруга чалдыкканда 2-даражасы менен жабыркап жаткам. Онкологдордун каттоосуна туруп, операция болордо кетип калдым. Бутум тартпай койду. Алгач корей дарыгеринде 1 жылдан ашык дарыландым. Андан кийин алматылык дарыгерге көрүнсөм, организмге метастаза кетип жатканын айтты. Укканда баягы аялды кучактап алып үйдү жарып ыйладым. Ошол күндү эстесем дагы деле ыйлайм. Дары ичип, компресс жасап жүрө берсең, эмчегиң жарылат деген. 10 жылдан кийин ал айткандай болду. Пандемия учурунда эмчегим 5-6 жерден киши көргүс болуп жарылды. Баягы дарыгерге көрүнсөм, операция керек деди. Ошентип операция жасаттым. Ошол жылы коронавирус менен ооруп, 7 күн жандандыруу бөлүмүндө да жатып калдым. Ушундай чоң күрөштөн кийин текшерилсем залалдуу шишик дартынын 4-даражасы жана лимфедеманын 2-даражасы деген диагноздор коюлду", - дейт кыл кыякчы.

Жалпысынан Гүлнара айым 24 жолу нур терапиясын, 18 ирет химиотерапиясын алып, 2 жолу операция болгон.

"Рак десе эле коркпогула"

"Аты жаман оору менен жабыркагандардын көбү эле жатып калып, жаман нерсени ойлонуп, ооруну андан бетер күчөтүп, жаман жакка кетип калышат. Ошолорго кайрылат элем, ооруганыңыздарга карабай позитивдик жашоону аркалап, колуңуздардан эмне иш келсе ошону менен алектенип, базар кыдырып, таза абада басыңыздар. Рак десе эле коркпоңуздар. Мен илдеттин 4-даражасы менен жабыркайм. Бирок ошого карабай иштеп, гастролдорго барып жүрөм".

Гүлнара Сыдыкбекова Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин кыл кыякчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10189