Рак оорусу менен күрөшкөн Гүлнара Сыдыкбекова: Ана кетет, мына кетет деген учурлар болгон
RU

Рак оорусу менен күрөшкөн Гүлнара Сыдыкбекова: Ана кетет, мына кетет деген учурлар болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Залалдуу шишик дарты менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 4-февралда белгиленет. Бул күнгө карата рак оорусунун 4-даражасы менен жабыркап жаткан кыл кыякчы Гүлнара Сыдыкбекова менен маек курдук.

Маданият өкүлү 2011-жылы рак оорусуна чалдыккан. Ошондон бери аты жаман илдет менен күрөшүп, өзү сүйгөн иш менен алектенип келет.

"Кыйынчылыктарга карабастан позитивдик жашоону аркалап келем. Көптөгөн азаптарды көрүп, ана кетет, мына кетет деген күндөрүм болгон. Химия терапия алып келгенден кийин акактап, үзүлөйүн деп жатып калган учурлардан өттүм. Ана кетет, мына кетет деген күндөр көп эле болгон. Кийин жолдошум менен сүйлөшүп отурсам "ушундай ал-акыбалда кетип калса кантип кабар айтам, кимге айтам" деп кыжаалат болуптур", - дейт Сыдыкбекова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10196