Маданият министринин орун басарлары болуп Марат Тагаев, Айнура Аскарова дайындалды
RU

Маданият министринин орун басарлары болуп Марат Тагаев, Айнура Аскарова дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эмгек жамаатына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Союзбек Надырбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Акылбек Жапаровдун башка чечими менен Марат Тагаев жана Айнура Аскарова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Аларды министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10220