150 метрлик жардан машине кулап түшүп, наристе каза болду, дагы беш адам ооруканада. Фото
RU

150 метрлик жардан машине кулап түшүп, наристе каза болду, дагы беш адам ооруканада. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто, жардан машине кулап түштү. Наристе каза болуп дагы эки кичинекей бала жана үч чоң киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media'га түштүк борбордун ИИБси билдирди.

Белгилүү болгондой, 21-мартта "Тюльпан" дача конушунун жанынан Daewoo Tico унаасы 150 метрлик бийиктиктен кулап түшкөн.

Андан мурун жүргүнчүлөр унаага отурушкан, ал эми айдоочу сыртта турган. Ошол учурда машине жүрүп кетип, жардан кулап түшкөн. Машиненин салонунда алты киши бар болчу. Чоңдор 1959, 1990, 1992 жылы туулгандар жана үч кичинекей бала 2014, 2015, 2021-жылы туулгандар. Бир жарым айлык наристе ооркунага жеткирилгенден кийин чарчап калды. Калган жабыркагандар түрдүү жараттары менен ооруканда дарыланып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1022