Наристе күтүп жаткан шоу бизнес өкүлдөрү "гендер пати" өткөрүштү
RU

Наристе күтүп жаткан шоу бизнес өкүлдөрү "гендер пати" өткөрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жаткан шоу бизнестин өкүлдөрү "гендер пати" өткөрүшүп, уулдуу, кыздуу болорун ачыктаган видеосу менен бөлүштү.

Алсак ырчылар Урмат Токомбаев менен Салидинас уулдуу болушарын жарыялашты.

Ал эми актёр Бектур Усенов менен келинчеги "гендер пати" уюштурушуп, кыздуу болорун билишти.

Модель, актриса Эркеайым Абдуллаева менен жолдошу Тай-Мурас Ташиев кырк жылкылуу болушат. Модель ымыркайдын жынысын аныктаган чакан кече уюштуруп, жаңылыгы менен бөлүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10250