Кечээ, өрт чыгып, төрт адам каза болду. Эмнеден улам өрт чыкканы аныкталды
RU

Кечээ, өрт чыгып, төрт адам каза болду. Эмнеден улам өрт чыкканы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин жанындагы Новопокровка айылында өрт чыгып төрт адам каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Шектелүүчү камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media'га күч структураларынын кызматкерлери билдиришкен.

Алардын айтымында, бул факт Кылмыштардын жана жоркутардын бирдиктүү реестрине "Этиятсыздыктан улам, өлүмгө алып келүү" беренесинин негизинде катталды.

21 жаштагы Т.А. камакка алынып, убактылуу изоляторго жайгаштырылды. Ал каза тапкандарга ким болот, азырынча белгисиз.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, ал мешти жагам деген ой менен отко бензин чачат. Колунда кармап турган, бензин куюлган желим бөтөлкө күйөт. Ал туталанган бөтөлкөнү ыргытып жиберип дароо чоң өрт чыгат.

Жигит өзу үйдөн чуркап чыгат, ал эми коңшу бөлмөдө ойноп отурган кичинекей балдар жана алардын энеси чыгып жетишпей калышкан.

Эске салсак, кечээ 13-декабрда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокравка айлыныда өрт чыгып төрт адам каза болгон. Анын ичинен үчөө кичинекей балдар болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/102