УКМК: Бабановго карата кылмыш иштери токттотулду. Ал өз эрки менен 100 млн сом төктү
RU

УКМК: Бабановго карата кылмыш иштери токттотулду. Ал өз эрки менен 100 млн сом төктү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-премьер-министр, КРдин президенттигине экс-талапкер Өмүрбек Бабановго карата бардык сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулду. Бул тууралуу Kaktus.media'га УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой кылмыш иштерине жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен, буга чейин прокуратура органдары жана тергөө бөлүмдөрү тарабынан КРдин ЖКсынын мурунку депутаты, КРдин президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов жана аны менен байланышкан коммецриялык структураларына карата козголгон кылмыш иштеринин мындан аркы өндүрүшүн токтотуу чечими кабыл алынды. Себеби, Бабанов жана анын туугандары тарабынан мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыгына зыян алып келүүчү фактылар аныкталган эмес.

Ошону менен бирге Бабанов колдоо көрсөтүү катары мамлекеттин бюджетине 100 млн сом которот деген макулдашуу жетишилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1032