Бишкекте 40 жаштагы кишинин сөөгү күйгөн абалда табылды
RU

Бишкекте 40 жаштагы кишинин сөөгү күйгөн абалда табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, 14-февралда Дачная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Жерине 2 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1983-жылы туулган З.Д. аттуу эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жалпы турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10347