Мектепке күчүк алып барган окуучу. Аны окуудан чыгарам деп коркуткан мугалим сөгүш алды
RU

Мектепке күчүк алып барган окуучу. Аны окуудан чыгарам деп коркуткан мугалим сөгүш алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда 4-класстын окуучусу күчүктү баштыкка салып сабакка алып барган видео тараган. Аны көргөн мугалим баланы окуудан чыгарам деп коркуткан. Окуяга Билим берүү жана илим министрлигинен комментарий берди.

Такталгандай, окуя 13-февралда Кадамжай районундагы №2 мектеп-гимназиясында экинчи нөөмөттө окуган класста каталган. Окуяны видеого мугалим өзү тарткан.

"Күчүк алып келген 4-класстын окуучусун класс жетекчиси А.З. урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окуучуга эскертүү берип, директорго алып барган. Андан соң окуучу колун жуугандан кийин класска киргизген", - дешти басма сөз кызматынан.

"Мектептин директоруна жана социалдык педагогго эскертүү берилди. Окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу сөгүш жарыяланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда бул окуя боюнча райондук администрация териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп кошумчалашты министрликтен.

Ошондой эле видеодогу куралчан адам коопсуздук кызматкери эместигин, ал аскерге чакырууга чейинки мугалим экенин жана сабактан чыкканда видеого түшүп калганын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10356