"Мисс Кыргызстан" сынагы Москва шаарында өттү. 18 жаштагы Баяна жеңүүчү аталды
RU

"Мисс Кыргызстан" сынагы Москва шаарында өттү. 18 жаштагы Баяна жеңүүчү аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Март айынын башында, Москва шаарында алгачкы жолу "Россиядагы мисс Кыргызстан" сынагы өттү. Иш чараны Россиядагы кыргыз диаспорасы уюштуруп, РФтеги кыргыз элчилиги катышты.

Баш байге үчүн Россиянын түрдүү реиондорунан келген 14 кыргызстандык кыз ат салышты. Алардын арасында студенттер, сүрөтчүлөр, моделдер, жана сулуулук индустриясынын кызматкерлери бар.

Калыстар тобуна World Beauty дүйнөлүк сынагынын президенти Вадим Хусаинов, РФтин эл артисти Юрий Назаров, популярдуу казакстандык ырчы Ержан Нургалиев, пластикалык хирург Кубанычбек Алибеков, жана "Голос" шоусунун катышуучулары кирди. Жюринин төрайымы болуп Ассоль Молдокматова дайындалган.

Кыздар улуттук жана кечки көйнөктөрү менен дефилеге чыгып, интеллектуалдык конкурстан күч сынашты.

Жыйынтыгында, 18 жаштагы Баяна Бактыбек кызы жеңүүчү аталды. Баяна "Дүйнө сулуусу 2021" эл аралык сынагына жолдомо утуп алды.

Биринчи вице-мисс Кемеров медицина институтунун студенти Алтынай Борукчиева болсо, экинчиси - 18 жаштагы Роза Ганиева болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1035