Чүйдө 67 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Милиция жабыркагандарга кайрылды
RU

Чүйдө 67 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Милиция жабыркагандарга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Анын бир нече алдамчылык фактысына тиешеси бар экенин Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, 1975-жылы туулган М.Б. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анда "Айкыз" аттуу жаран алдоо жолу менен Ак-Ордо жаңы конушунан үй алып берүүнү убадалап Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын жана 45000 сом акчасын алып, бербей жүргөнүн билдирген.

Аталган факты 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1956-жылы туулган Ш.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.

Эгерде жогорудагы кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, Сокулук РИИБине же нөөмөт бөлүмүнүн 0312 60-75-67 телефонуна кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10361