Депутат: Эмнеге камакта отургандар күнүнө 105 сомго тамактанышат, ал эми балдар 30 сомго?
RU

Депутат: Эмнеге камакта отургандар күнүнө 105 сомго тамактанышат, ал эми балдар 30 сомго?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айнура Осмонова мектеп жана лицейдин окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражаттын көлөмүнө нааразы болду.

Бүгун, 24-мартта, парламенттин жыйынында балдардын тамактануусуна 17 сомдон 35 сомго чейин бөлүнө тургандыгын эскертти. Ошол эле учурда Билим берүү министрлиги тамактанууга бөлүнө турган каражатты 105 сомго чейин көтөрүүнү убада кылганын айтты.

"Эмне үчүн камактагылар 105 сомго тамактанышат, ал эми балдар болгону 30 сомго. Балдар менен чоңдордун тамакка болгон зарылчылыгы бирдей эле. Эсептеп көргүлөчү ар бир окуучу канча жана эмнелерди жеш керек", - деп ал Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуровго кайрылды.

Ал, азыркы тапта, балдардын тамактануусуна 46,3 миллион сом бөлүнө тургандыгын айтты. Ал эми кандай азык-түлүктөр сатып алынып, балдар эмне менен тамактанып жаткандыгы боюнча тактап жазуу түрүндө маалымат берүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1037