Райымбек Матраимов эмне менен ооруйт? Эмне үчүн аны түшүнүксүз адамдар кайтарышат? Видео
RU

Райымбек Матраимов эмне менен ооруйт? Эмне үчүн аны түшүнүксүз адамдар кайтарышат? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24.kg сайтынын редакциясы мыйзамсыз баюу фактысы боюнча камакка алынган бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов чынында эле "Бикард" менчик клиникасында дарыланып жатабы же жокпу текшерди.

Медицина мекемесинин башкы дарыгери Дамир Осмоновдун берген маалыматына ылайык, бейтап аларга кайрылганда кан басымынын абалы критикалуу абалда болчу. Медиктер Матраимовго жүрөк кан тамырларынын коронарографиясы зарыл деп билдиришкен. Бирок, бул бейтаптын абалы турукташкандан кийин жасалат. Клиниканын мыкты дарыгерлери бир айдан бери анын абалын жакшырта албай убара.

Социалдык тармактын колдонуучулары Матраимовдор үй-бүлөсүнүн эң атактуу өкүлү "Бикардда" эмес, деген божомолдоолорду айта башташты.

24.kg'нин журналисттери бул маалыматты текшерүү үчүн клиникага барып келишти.

Менчик клиниканын эшиги ачык. Ага каалаган жаран кире алат. Медициналык мекеменин коридорунда каттоо бөлүмү жайгашып, оң жана сол тарабында эки стационардык бөлүмдөр бар. Ал жака кирүү оор, бирок мүмкүн. Бөлүмдөргө кире бериш чиптин жардамы менен ачылат. Бирок ар дайым эле жабык турбайт экен. Сырттан келгендерге кирүүгө болбойт деген жазуу эч жерде жок.

Биринчи коридордо төрт палата бар. Көргөндөрдүн айтымында алардын биринде Райымбек Матраимов жатат. Палатага медперсоналдан башка эч ким кире албайт, анткени эшиктин түбүндө штаттык кийинген эки киши күзөттө турушат.

Журналист аларга суроо берүүгө аракет кылганда, палатага кире бериштен түртүп, стационарда жасалган видео жана фотолорду өчүрүүнү талап кылышты. Андан тышкары журналисттин жолун тороп, бөлүмдөн чыгууга жолтоо болушту.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсунда камакта. Демек, клиникада аны кайтарган, униформа кийген, конвой болууга тийиш. Бирок, мекемеде эч кандай конвой жок болчу. Андан тышкары униформа кийгендер да көрүнбөйт.

"Бикард" клиникасынын директору Турдали Заиров журналисттин ишине жолтоо болгон кишилер бейтаптын жандоочулары, жана алар клиниканын штатына кирбейт, деп айтты.

Дарыгер Матраимов ооруканада дарыланып жаткандыгын тастыктады. Ага кандай диагноз коюлганы сыр жана коомчулукка айтылбайт, деди ал.

Ошондой эле, ал Матраимовго эч ким келбейт, бейтапка тамак аш жана тыюу салынбаган буюмдар эле алып келинет, деп ишендирип кетти. Бирок, социалдык тармакта мурунку бажы кызматкерине туугандары эле эмес, жоро-жолдоштору да эркин келип-кетип жаткандыгын жазып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1038