Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде жеңишке жетип, рекорд жаңылады
RU

Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде жеңишке жетип, рекорд жаңылады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атлантика конференциясынын чемпионатында кыргызстандык суучул Денис Петрашов рекорд жаратты. Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришкендей, турнирде суучул 1-орунду алды.

Маалым болгондой, спортчу 200 метр аралыкты брасс ыкмасы менен 1:50:51 убакытта сүзүп, алтын байге тагынды.

"Бул Денисти Америка континентиндеги гана эмес, бүткүл планетадагы мыкты сүзүүчүлөрдүн катарына алып келген укмуштуудай жетишкендик", - деп белгилейт профилдик бирикме.

"Денис Петрашов – эң сонун сууда сүзүүчү жана чыныгы чемпион. Ал, эгер, алдыга максат коюп, талыкпай эмгектенүүгө даяр болсоң, анда укмуштуудай натыйжаларга жетүүгө болорун далилдеди", - деп айтылат Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясынын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин 200 метр аралыкка сүзүү боюнча экинчи орунду алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10401