Түркиядагы миссиясын аяктаган кыргыз куткаруучуларын тосуп алуу иш-чарасы өттү
RU

Түркиядагы миссиясын аяктаган кыргыз куткаруучуларын тосуп алуу иш-чарасы өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучулар 21-февралга караган түнү кайтып келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Куткаруучуларды өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагыэлчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМнын өздүк курамы тосуп алышты.

Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.

"Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМнын куткаруучуларынан турат. Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты", – деди министр.

Ал эми салтанатка катышкан элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10411