Коомдук транспортто буюм жоготуп же таап алдыңызбы? Табылгалар бюросуна кайрылыңыз
RU

Коомдук транспортто буюм жоготуп же таап алдыңызбы? Табылгалар бюросуна кайрылыңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн табылгалар бюросу ачылды. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттон буюмдарын жоготкон же тапкан шаардыктар көп кайрылышууда.

Ушул себептен департамент тарабынан шаардыктар кайрыла турган табылгалар бюросу уюштурулду.

"Эгерде коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алгандар болсо төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча кайрылып, арыз калтыруу жетиштүү болот. Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек", - дешет мэриядан.

Кайрылууларды төмөнкү дарекке калтырууга болот: 7-апрель көчөсү, 4а же болбосо төмөнкү Whatsapp-номерлерге кайрылсаңыздар болот:

  • 0(502) 20 52 02 – кичиавтобустарда;
  • 0(990) 30 60 76-троллейбустарда;
  • 0(700) 46 56 60-автобустарда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10452