Эгер талапкерлер жалаң чындыкты айтса эмне деп сүйлөшмөк? КВНчи видео тартып көрсөттү
RU

Эгер талапкерлер жалаң чындыкты айтса эмне деп сүйлөшмөк? КВНчи видео тартып көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азия Mix" командасынын мүчөсү, атактуу КВНчи Ростислав Ященко депутаттыкка талапкерлер элге жалаң чындыкты айтып жатканын элестетип ролик тарткан.

Ал болочок депутаттын образында сүйлөп, шайлоочулар үгүт иштерине сарпталып жаткан миллиондогон акчага кам санабай эле койсо боло тургандыгын айтат. Бийликке келгенден кийин ал акчанын бардыгын кайра чыгарып алам, деп убада берет. Андан тышкары партия илгерки эле схема менен иштейт, өзүнүн катарына атайылап мугалимдерди, дарыгерлерди жана активисттерди кошуп алып, шайлоо бүткөндөн кийин аларды кууп чыгабыз, дейт.

Дагы бир талапкер саясатта эч нерсе түшүнбөй турганын айтып, талапкерлердин катарына атасы отургузуп койгонун билдирет.

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бишкектин шаардык кеңешине 25 партия ат салышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1049