Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарандан акча талап кылып, 3 күн батирде кармашкан
RU

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарандан акча талап кылып, 3 күн батирде кармашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө кармалгандар "адам уурдоого" шектелип жатканы айтылат.

Такталгандай, 19-февралда Бишкек шаарында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин А.Т. аттуу жаранды эс-учун жок абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, 3000 доллар талап кылышкан.

Бул кылмышка шектүү катары К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Учурда алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10511