Сокулукта тестиер баланы эки кошунасы зордуктап, коркутушкан. Эч ким жоопко тартылган эмес
RU

Сокулукта тестиер баланы эки кошунасы зордуктап, коркутушкан. Эч ким жоопко тартылган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулукта 11 жаштагы баланы бир ай бою эки кошунасы зордуктаган. Жабырлануучунун ата-энеси Kaktus.media сайтына кайрылышып, чара көрүлбөй жатканын айтышты.

Баланын ата-энеси окуя тууралуу билер замат укук коргоо органдарына кайрылышкан. Андан бери дээрлик эки жыл өттү, бирок эч ким жазаланганбаганын, коркутуулар болуп жатканын белгилешет кайрылгандар.

Окуя кандай болгон?

Азыр Эмил (аты өзгөртүлдү) 13 жашта. Ата-энеси аны бир нече күн болгондо багып алышкан. Биологиялык энеси төрөгөндөн кийин дароо каза болуп, бирок жанында жүргөн жакын курбусуна баланы багып алуусун суранганга үлгүргөн.

"Курбум экөөбүз таксиге отуруп ооруканага бардык, анын толгоосу катуу болуп жаткан. Мен аны менен кошо төрөт бөлмөсүнө кирдим. Таксист дагы кете албай сыртта күтүп турду. Курбум төрөттө көп кан жоготуп каза болуп калды. Жашабай турганын сезсе керек, Эмилди багып ал деди. Албетте, макул болдум. Күйөөм да, балам да жок болчу. Бул окуяны билгенден кийин таксист мага көңүл буруп, баланы чогуу багууну сунуштады. Жалгыз уулу каза болуп калыптыр, анын башка эч кимиси жок экен. Экөөбүз Эмилди чоңойто баштадык. Бул каргаша болгонго чейин баары жакшы болчу" - дейт баланын багып алган апасы.

Эмилди эки кошунасы зордуктап жүргөнүн ата-энеси досунун апасынан билишкен. Ал бала апасына зордуктоого аракет кылышканын, ал качып кутулууга үлгүргөнүн, бирок досу кача албай калганын айткан.

"Кошунанын баласы апасына барын айтып бериптир, ал бизге айтты. Биз Эмилден мындай нерсе болдубу деп сурадык. Ал тастыктады. Аны зордуктаган эки бала ата-энеңди өлтүрөбүз деп коркуткандыктан айтпай жүргөн экен. Бала да, айткан сөздөргө ишенип алыптыр", - дейт ал.

Уулумду зордуктаган балдар "болгон окуяны айтсаң сени жана апаңды сууга чөктүрөбүз" дешиптир. Ошондой эле алар балама бакма экенин, ата-энеси аны коргобой турганын айтышкан. "Сен кимге керексиң, багып алышкан" дептир.

Баланын ата-энесине жана тергөөчүлөргө айткандары

"Алар талаада мал жайып жүрүшкөн, мен дагы алардан алысырак жакта мал жайгам. Анан алар малы менен мен жакка жакын келе башташты. Бир маалда мени кармап алышып, шымымды чечип, төрт аяктап отургузушту. Мен качууга аракет кылдым, кыйкырып жаттым, бирок алар уланта беришти.

Бул учурда балдардын бири эч ким көрбөсүн деп кол чатыр менен жаап турду. Тиги ишин бүткөндө бошонуп, качтым. Бирок алар итин агытып, мен жыгылып калдым. Бул убакта экинчи бала мени кармап, биринчисин кайталады.

Досум барын көрдү. Эгер кимдир-бирөө билип калса мени сууга чөктүрөбүз дешти. Досум ата-энесине айтканга чейин балдар мага апта сайын ушундай кылышты", - деп айтылат Эмилдин көрсөтмөсүндө.

Жактоочу эмне дейт жана укук коргоо органдарынын реакциясы

Ата-энелер милицияга кайрылышкан. Арыз кабыл алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, зомбулук фактысы аныкталган эмес. Жактоочунун айтымында, экспертиза зордуктоодон кийин дароо дайындалбай, качан гана ата-энелерге белгилүү болгондо дайындалгандыктан факты аныкталган эмес. Ошондой эле психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусу баланын патологиялык фантазияга жана ой жүгүртүүгө ыксыздыгы өзгөрбөгөнүн аныктаган.

"Милиция алгач арызды кабыл алган, бирок кийин алар зордуктоо фактысын башкалар билбесин деп ата-энесин тосмо арыз жазууга көндүрө башташкан. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындай кылмыштарга келгенде тосмо арыз менен ишти кыскартууга мүмкүн эместигин жакшы билишет. Кылмыш болгон учурда баланын атасы 80, апасы 55 жашта болчу. Алар юридикалык жактан сабатсыз жана тергөөчүнүн таасири астында алгачкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, тосмо арызга кол коюуга макул болушкан", - дейт жактоочу Мурат Кудайбергенов.

Тергөөчүнүн ишендиргенине жана кол коюлган каршы билдирүүгө карабастан, окуя тууралуу мектепке маалым болгон. Эмилди башка балдар шылдыңдап, кыз дешип, аны менен жатса болот деп кыжырына тийишкен.

Ата-энелер бул ишти кайра ачуу үчүн милицияга кайрылышкан. Мунун баары 2021-жылы болгон. 2022-жылы тергөө алдыга жылган жок. Адвокат ишти РИИБге, ИИМге же башка районго өткөрүп берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган, ошондой эле Сокулук РИИБине ишеним көрсөтпөгөндүктөн баш тартууларды жазган.

"Баары кылмыш кайсы жерде болсо ошол аймактагылар иликтеш керек деп жооп беришет. Бирок бул эч кандай мыйзамда жазылган эмес. Биз РИИБге, ИИМге, Жогорку Кеңешке арыз жаздык. Баланын ата-энесинин үмүтү президент жана УКМКнын төрагасында", - деп кошумчалады Кудайбергенов.

Айыпталуучулар өз көрсөтмөлөрүндө зордуктабаганын, жөн гана сууда сүзүп ойногондугун айтышкан. Бирок март айында кайдагы сууда сүзүү? Бул сууга түшүү мезгили эмес. Айыпталуучулардын бул көрсөтмөлөрүн тастыктоо үчүн милиция кызматкерлери жабырлануучу тарапты көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө көндүрүшкөн. Ошондо алар балага эмне болгонун эч ким билбейт деп убада беришкен. Бирок азыр баланын окуясын баары билишет, бирок эч ким сот жообуна тартылган эмес. Милициядан баары акыйкат иликтенип, күнөөлүүлөрдү каматууга убада беришүүдө. Бирок алар эч нерсе кылбай жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10562