Таластагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды
RU

Таластагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси жана адиси Манас районундагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнүн кызматкерлери менен турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен. Бул тууралуу УКМКнны маалымат кызматынан кабарлашты.

"Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмалоо) боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Нга айып тагылган",- деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10567