УКМКнын атайын багыттагы аскерлери эл аралык мелдеште 8-орунду ээледи
RU

УКМКнын атайын багыттагы аскерлери эл аралык мелдеште 8-орунду ээледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери Дубайда өткөн "UAE SWAT Challenge 2023" эл аралык мелдештин финалында 8-орунду ээледи. Бул туурасында коопсуздук комитетинен маалымдашты.

Күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бул бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өткөн. Бул жолу аталган чемпионатка 28 өлкөдөн 55 команда мелдешке катышкан.

Айтылгандай, курч таймашта атайын күчтөрдүн кызматкерлери ар кандай тактикалык тапшырмаларды аткарып, тоскоолдуктарды жеңип, ар кандай куралдардан бутага сокку урушту, ошондой эле "барымтадагыларды" бошотуп, жарадарларды эвакуациялашкан.

"Акыркы этапта атайын күчтөрдүн кызматкерлери эң татаал тоскоолдуктардан өтүшкөн. Командалардын жарымы гана бул тоскоолдуктардан өтө алышкан. УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери төрт мүнөттөн ашык убакытта жыйынтык көрсөтүшүп, үчүнчү орунду ээлешкен", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10595