Улуу Британиянын жаңы элчиси Кыргызстанга келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты
RU

Улуу Британиянын жаңы элчиси Кыргызстанга келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Николас Боулер элчиликтин Twitter баракчасы аркылуу кыргыз элине салам жолдоду.

"Салам, достор! Менин атым Ник. Мен Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болом", - деп баштады элчи кайрылуусун. Бул анын кыргызча айткан биринчи гана сөздөрү экенин, 2023-жылдын июнь айында Кыргызстандагы миссиясы башталарын жана кыргыз тилин үйрөнөрүн айтты. Ал үй-бүлөсү менен өлкөгө келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады.

Николас Боулер элчи болуп дайындалганга чейин Британия элчилигинде программа бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2015-2017-жылдары Кыргызстанда Эл аралык өнүктүрүү департаментинде башкармалыктын орун басары жана директордун милдетин аткаруучу болгон. Ал ошондой эле Кабулда реформа маселелери боюнча кеңешчи болуп иштеген.

Чарльз Гарреттин ордуна Николас Боулер келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10618