Жапаров айдоочуларга карата жазалардын катаалдашы боюнча: Күбөлүк сатып бергендерди көргөм
RU

Жапаров айдоочуларга карата жазалардын катаалдашы боюнча: Күбөлүк сатып бергендерди көргөм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн жазалардын катаалдашы кызуу талкууланып, айрымдары нааразылык билдиришүүдө. Коомдогу талкууларга, сындарга президент Садыр Жапаров пикирин билдирди.

Ал "Кабар" маалымат агенттигине билдиргендей, мындай чара авариядан каза таап, майып болгондордун санын кыскартууну көздөйт.

"Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров (ред.: министрлер кабинетинин төрагасы) үчүн эмес, өздөрү үчүн да. "Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат" деген сөздөрдү окуп калып жатам.

Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле.

Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт.

Мисал келтире кетейин. 2022-жылы эле 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган. Ал эми мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен каза болгондор боюнча айтсам, 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган.

Ушунун баары жол эрежесин билбей, билсе дагы эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатат. Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес.

Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген.

2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келген. Азыр андай жок. Ким экзамен тапшырса алат. Тапшыра албаса бир ай, эки айдан кийин кайрадан тапшырып жүрүп, качан гана өзү тапшыра алганда алат.

Адам баласы бар жерде баары болот экен. Айрым бир тааныштарын өткөрүш үчүн кошуна бөлмөдө туруп алып экзамен тапшырып жаткан кишиге дүрбү же аралыктан башкаруучу компьютер аркылуу жардам берем деп кармалып жаткандар да бар, билесиздер. Бирок биз бара-бара баарын ордуна коюп, өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетишүүгө аракет кылышыбыз керек. Анпесек кантип алдыга жылабыз. "Мен жол эрежесин бузушум керек.

Айып пулду азыраак кылгыла" деген дагы талаппы? Тескерисинче "эки-үч эмес, беш эсе көтөргүлө" деп чыгыш керек эле, көпчүлүк эл. Себеби, жогоруда мен айтып өткөн майып болуп калган адамдардын көпчүлүгүн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы, элдин эсебинен багабыз. Жөлөк пулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Көп адамдарыбыз каза болуп кетип жатпайбы, ошол жагы өкүнүчтүү.

Мен акыркы үч жылдын статистикасын эле мисал келтирдим. Канчалаган үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан "үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат" дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең – үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман.

Мындан сырткары айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз.

Эч жакка шашпаш керек. "Шашкан шайтандын иши" дейт. Акырын айдасаң, барчу жериңе ашып кетсе 5-10 мүнөт кечигип барарсың. Андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Жол эрежесин сактап айдасаң, өзүңдү да сактайсың, башкаларга да коркунуч келтирбейсиң. Бир келген өмүрүңөрдү сактагыла, башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирип, залал келтирүүгө себепчи болбогула", -деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10634