Үйүндө камалган 13 жаштагы секелек балкондон түшүүгө аракет кылып, кулап түшкөн
RU

Үйүндө камалган 13 жаштагы секелек балкондон түшүүгө аракет кылып, кулап түшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 13 жаштагы секелекти үйгө камап кетишкен. Ал курбулары менен сейилдөөгө баруу үчүн терезеден чыгууга аракет кылып жатканда 4-кабаттан кулап түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришет.

Такталгандай, 2-мартта саат 22:49 чамасында милицияга билдирүү түшкөн. Анда Жал кичи районунда көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан кыз кулап түшкөну айтылган.

Милиция кызматкерлерине 2010-жылы туулган кыз үйдө жалгыз болгонун, аны сыртынан камап кетишкенин айтышкан.

"Ал курбулары менен сейилдөө максатында балкондон түшүүгө аракет кылган. Бул үчүн кыз шейшепти колдонгон, бирок кулап түшкөн. Учурда жабырлануучу ооруканада", - дешет РИИБден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10642