Ак-Ордодо үй түрттүрүлүп, келин 4 баласы менен көчөдө калды. Соттун маалыматы
RU

Ак-Ордодо үй түрттүрүлүп, келин 4 баласы менен көчөдө калды. Соттун маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жер трансформациясына байланыштуу үй түрттүрүлдү. Анын кесепетинен 1-мартта 4 балалуу келин көчөдө калды.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаровго кабар жетип, ишти өз көзөмөлүнө алып тйииштүү тапшырмаларды бергени кабарланды.

Жогоркку Соттун маалыматына ылайык, С.Т.М. аттуу жаран сотко доо арыз менен кайрылган. Ал Ж.К.Т. жана Ж.Э.Ш. тарабынан мүлктүк укуктары бузулганын, өзүм билемдик менен эч кандай уруксат кагаздары жок эле анын тилкесин ээлеп алып, үй куруп алышканын негиз келтирген. Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2018-жылдын 22-январындагы чечими менен доогердин арызы канааттандырылган. Бул чечимди Чүй облустук соту (2022-жылдын 18-февралы) жана Жогорку Соту (2022-жылдын 27-сентябры) да күчүндө калтырган.

Иштин материалдарынан жер тилкелери доогерге таандык экени (Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн чечими бар жана эле жеке менчик укугуна мамлекеттик актысын алган) көрсөтүлгөн.

2022-жылдын 11-ноябрында сот аткаруу кызматына тоскоолдуктарды жоюу боюнча мыйзамсыз тургузулган имараттарды бузуу, демонтаждоо жөнүндө билдирүү түшкөн.

"Ал жердегилерге өз убагында сунуштар берилип, жоопкерчиликтер да эскертилген. 2023-жылдын 1-мартында сот аткаруучу тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды бузуу боюнча соттун чечими аткарылган", - дешет соттон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10657