Президенттин Таластагы өкүлү кызматынан бошотулду. Ал жоопту кызматка барат
RU

Президенттин Таластагы өкүлү кызматынан бошотулду. Ал жоопту кызматка барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Талас облусунлагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков кызматынан бошотулду. Ал башка башка ишке өткөндүгүн президенттик аппараттан кабарлашты.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону белгилүү болду.

Ал эми президенттин Таластагы өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бакытбек Нарбековдун ыйгарым укуктуу өкүл катары жүргүзгөн ишине жогорку баа берип, президенттик администрациядагы жооптуу кызматка дайындалып жатканын айтты.

Ошондой эле жаңы дайындалган облус башчысы Нурлан Дардановго ийгиликтерди калады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10658