Ошто кафеден 5 миллиондон ашык сом уурдалган: шектүүлөр ал сумманын 480 миңин коротушкан
RU

Ошто кафеден 5 миллиондон ашык сом уурдалган: шектүүлөр ал сумманын 480 миңин коротушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто эки өспүрүм ири суммадагы акча уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Оштун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Кармалгандардын 15 жашта экени белгилүү. Алардын бири үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Окуя 22-январда болгон: түн ортосунда өспүрүмдөр мекемеге терезеден кирип, 5 миллион сомдон ашык каражатты уурдап кетишкен. Бир ай өткөндөн кийин, алар кармалганда уурдалган акчанын көбү алардын жанында болгон. Бул убакыттын ичинде алар 480 миң сом коротууга үлгүрүшкөн.

Учурда шектүүлөр жашы жете электер кармалган Жалал-Абаддагы СИЗОсунда. Аларга "Уурулук"беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10668