Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегация Ташкенттен келди
RU

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегация Ташкенттен келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргыз Республикасынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдөн соң Ташкент шаарынан (Өзбекстан Республикасы) кайтып келди.

Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлган, анын мазмуну тууралуу кеңири маалымат үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Өкмөт үйүндө өтө турган басма сөз жыйынында (убактысы кошумча маалымдалат) берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1069