Тогуз-Торо милициясы көп жылдан бери баңгизаты менен алектенип жүргөн жаранды кармады
RU

Тогуз-Торо милициясы көп жылдан бери баңгизаты менен алектенип жүргөн жаранды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери "Б" аттуу район тургуну баңгизатын колдонуп жүрөт деген ыкчам маалымат алып, анын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алгачкы текшерүү жүргүзүлүп, Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө соту тарабынан үйүн тинтүү тууралуу токтом кабыл алынган, - деп Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

2020-жылдын 1-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 1976-ж.т. Ш.Б. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 2 (эки) даана тегерек формадагы кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар, салмагы болжол менен 20 грамм болгон заттар далил буюм катары алынган.

Бул факты боюнча 2020-жылдын 2-декабрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ш.Б. 25 (жыйырма беш) жылдан ашуун убакыттан бери ар түрдүү баңгизаттарын чегип жүргөндүгү такталган. Тинтүү учурунда баңгизатын жасоочу курал-жарактар да табылган.

Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабистин смоласы (гишиш) экендиги аныкталган.

Учурда Ш.Б. Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө сотунун токтомунун негизинде 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/106