Камчыбек Ташиевдин кичи мекенине демөөрчүлөр 270 млн сомго төрөт үй курат
RU

Камчыбек Ташиевдин кичи мекенине демөөрчүлөр 270 млн сомго төрөт үй курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнө жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, капсула салды. Бул туурасында Ташиевдин Facebook баракчасына жарыяланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жергиликтүү жетекчилери жана аймактагы тургундар катышты.

Төрөт үйү 3 кабат болуп, заманбап жабдуулар жана эс алуу паркы менен камсыз болот. Ал үчүн жалпы 3 гектар жер аянты бөлүнгөн. Заман талабына жооп берген акыркы үлгүдөгү тийиштүү жабдууларды сатып алуу жана курулуш иштерин толук аягына чыгаруу үчүн 270 миллион сом каралган. Бул каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен табылганы маалымдалды.

"Курулуш иштерин президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде толугу менен мен көзөмөлдөйм. Аймактагы элдин муктаждыгын эске алуу менен курулуш иштери ушул жылдын декабрь айында жыйынтыкталат. Төрөт үйү үчүн керектүү болгон атайын "Тез жардам" унаалары менен да камсыз кылабыз", - деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.

Төрөт үйүнүн курулушу ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат. Имарат 75 орундуу болуп, аймактагы Барпы, Атабеков, Ырыс айыл өкмөттөрүнүн тургундары үчүн ыңгайлуу жерге курулууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10714