Эмне үчүн тамеки чегүүгө каршы күрөштө инновациялык ыкма маанилүү?
RU

Эмне үчүн тамеки чегүүгө каршы күрөштө инновациялык ыкма маанилүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Зыяндуу продукцияга акциздик салыкты киргизүү чет мамлекеттер үчүн кадимки көрүнүш. Муну менен бир жагынан мамлекет бюджетке кошумча киреше тапса, экинчи жагынан элдин ден соолугуна кам көрөт. Бирок алкоголдук ичимдиктин же газдалган суусундуктун баасын көтөрүү менен элдин бардык маселеси чечилип калбайт. Кээ бир өлкөлөр салыктык коюмдарды төмөндөтүү менен зыяны азыраак түрлөрүнүн жеткиликтүү болушуна мүмкүнчүлүк ачып, тобокелге негизделген ыкманы колдонушат. Ал эми Кыргызстанда башкача жагдай түзүлүп калган. Бул жакта теңдештирүү принциби иштейт. Бирок бул реалдуу абалга туура келбейт жана логикага жатпайт.

Акыркы он жылда калктын саламаттыгын сактоо көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп калды. Алардын ичинен кеминде отузунда "зыяндуу тамак-ашка салык" деп аталган салыктын түрү бар. Ал ийгиликтүү ишке ашып жатат.

Белгилүү мисалдардын бири – Венгрияны алсак болот. Аталган өлкөдө кант көп кошулган азыктарга 4 пайыз салык салуу менен калктын 19 пайызын таттуу газдалган суусундуктардан баш тартууга алып келген. Ал эми компанияларды 40 пайыз өндүргөн азыктарын ден-соолукка пайдалуу жана көпчүлүк кардарларга жеткиликтүү кылуу үчүн алардын курамын өзгөртүүгө мажбурлаган. Ошону менен бирге жогорку калориялуу тамак-ашка салык киргизилгенден кийинки алгачкы төрт жылдын ичинде эле Венгриянын бюджетине кошумча 219 миллион доллар киреше түшкөн. Бийлик бул акчаны саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого жумшаган. Бул кадам ден-соолукту чыңдоо менен катар эле киреше табуунун жакшы жолу болуп калды.

Бирок мындай азыктарга жогорулатылган салык салуунун аркасы менен кымбаттаган баалар зыяндуу адаттардан арыла албаган адамдарга таасир эте турган жалгыз ыкма болуп эсептелбейт. Ондогон өлкөлөр катаал чаралар тескери иштей турганын эске алып, бул ыкманы колдонушпайт. Тыюу салуунун эч кандай мааниси жок. Биринчиден, бул сергек жашоо үчүн дем-күч бербейт. Экинчиден, каалаган адам тыюу салынганына карабастан, аны айланып өтүүнүн жолун табат. Ошондуктан элге зыяны азыраак болгон товарды тандоого мүмкүнчүлүк берүү керек.

Мисалы Улуу Британия электрондук тамекиге өтүүнү колдоо менен классикалык чылым тартууга каршы күрөштү кубаттап келет. Жергиликтүү бийлик тамеки буюмдарына салык салуунун чен-өлчөмү алардын ден соолукка тийгизген зыяны менен пропорционалдуу болушу керек деп ишенет. Эгерде бир тамеки 6000ден ашык химиялык заттарды чыгарган чакан завод болсо, анын 69у уулуу жана шишик оорусуна алып келүү коркунучун жаратса, анда чылым кымбат болушу керек. Тескерисинче көз карандысыз изилдөө боюнча 95 пайыз азыраак зыян алып келет деп табылган вейп жана тамеки жылытуу системаларына азыраак салык салынышы керек. Мындан тышкары тамеки таякчасында (стик) тамекиге салыштырмалуу тамеки бир топ аз. Тактап айтканда, 550-700 миллиграммга 314-320 мг туура келет.

Муну менен бир даана үчүн салык салуу салык төлөөчүлөрдүн мыйзам алдында теңдигин камсыз кылган адилеттүү салык саясатынын принциптерине карама-каршы келет. Бул принциптердин аркасы менен салык салууда дискриминацияга тыюу салынышы абзел.

"Инновациялык иштеп чыгуулар менен классикалык продукцияны бирдей коюу мүмкүн эмес. Биринчиден, тамеки жылытуу системаларын колдонуудан келтирилген зыян аз экенин далилдеген илимий изилдөөлөр бар. Экинчиден, акциздердин баасы акырындык менен бара-бара көтөрүлүшү керек. Антпесе бул рынок көмүскөгө кетип калышы мүмкүн. Ошол эле Казакстан үчүн товарын кайсы өлкөгө сатат эч кандай айырмасы жок. Бир гана маселе бул продукция Кыргызстанга кандай жол менен келет? Аткезчилик жолу мененби же бардык салыктары төлөнгөн мыйзамдуу жол мененби?",

- дейт жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева.

Эми зыянды азайтуу концепциясы коомдук саламаттыкты сактоо саясатынын бир бөлүгү болуп калган Улуу Британияга кайра кайтып келели. 2023-жылы Улуу Британиянын рыногунда электрондук тамекилердин баасы жана жеткиликтүүлүгү тамекинин башка түрүн тандап алгандар үчүн чечүүчү фактор болот деп болжолдонууда. Мындай кадам чылым чеккендердин кеминде 57 пайызын тамекини таштоого түртүшү ыктымал. Эң негизгиси, бул тамеки тартууну улантууга караганда жакшы тандоо болот.

Эмне үчүн Кыргызстанда тамеки чеккендерди өз ден-соолугуна кам көрүү менен эле бирге өтө аз тобокелдикти тандап алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатышат?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10722