"Алар үйдүн жанын казганда, турак-жайлар титиреп жатат". Жаңы курулуп жаткан үйлөргө арыз
RU

"Алар үйдүн жанын казганда, турак-жайлар титиреп жатат". Жаңы курулуп жаткан үйлөргө арыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Какtus.media редакциясынын колл борборуна Керимбеков көчөсүндөгү №4а үйдүн жашоочулары кайрылышты.

"Жакында үйүбүз "Караван" соода борборунун жанындагы үйдүн тосмосуна окшоп урап калышы мүмкүн. Курулуш компаниясы биздин үйдүн түбүнө куруу иштерин баштады. Алар жакын жерден казганда, үйлөр титиреп жатат. Биз, тургундар мамлекеттик органдарга, тактап айтканда. Бишкекбашкыахитектура, Мамкурулуш, Мамкурулушка караштуу баардык башкармалыктарга кайрылдык. Бирок алар бардык документтери бар, уруксаты бар деп оозеки жооп берип жатышат.Эч ким кат жүзүндө жооп берген эмес. Негизги суроо ушунда болуп жатпайбы, биздин мамлекеттик органдар аларга кантип уруксат берди?"

"Анын үстүнө бул курулуш Манас проспектисинде №5 жана №5а үйлөрдүн маңдайында, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №70 мектептин каршысында жүрүп жатат. Кичинекей аллея бар, бул оор жүк ташуучу унаалар ал жакка кантип барып жатат? Алар Бөкөнбаев баш болгон көчөлөрдүн баарын өлтүрүп жатышпайбы?",-дешти алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10729