15-марттан баштап көчө соодасына тыюу салынат. Бул Биринчи Май районунун аймагына тиешелүү
RU

15-марттан баштап көчө соодасына тыюу салынат. Бул Биринчи Май районунун аймагына тиешелүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май районунун айланасында 15-марттан баштап көчө соодасына тыюу салынат. Бул тууралуу Биринчи Май районунун администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күч ченеген жабдууларды орнотууга, балдардын электромобилдерин, велосипеддерди ижарага берүү токтотулат.

Ошондой эле көчөдө балмуздак, суусундук өңдүү нерселерди сатууга болбойт.

"Бул эң биринчиден борбордоргу баш-аламан соода сатыкты ирээтке келтирүү максатында аткарылып жаткан иш. Бул борбор. Ал таза жана тыкан болушу керек. Ала-Тоо кинотеатрынын жаны, Эркиндик бульвары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маңдайы, Ата-Тоо борбордук аянты, Эмен багы сындуу жерлерде көчө соодасына тыюу салынат, ал эми башка мыйзамдуу, уруксат берилген жерлерде макулдук бар",-деп айтылат маалыматта.

Анда мындай чечим "Борбор калаанын макамы жөнүндө" мыйзамга жана Бишкек шаардык кеңешинин шаарды көрктөндүндүрүү токтомуна ылайык кабыл алынган.

Видеобайкоо орнотулат

Ошондой эле, калаа жашоочуларын жана келген конокторду тартипке чакыруу максатында Эркиндик сейил багында 16 видеобайкоо орнотулуп жатат.

"Камерага таштанды таштап, буюм-тайымдарды сындырып, тартипти сактабагандар түшүп калса, аларга айып-пул салынат. Видеобайкоо борбор калаанын жашоочуларын тартипке келтирет деп ойлойбуз", -деп кошумчалашты райондук администрациядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10738