Ковидди унутпаңыз! Дүйнөдө илдетти 676,3 млн. адам жуктуруп, 6,8 млн. ашыгы каза болду
RU

Ковидди унутпаңыз! Дүйнөдө илдетти 676,3 млн. адам жуктуруп, 6,8 млн. ашыгы каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы эки күндө дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 284 миң 227 адамга көбөйдү. Бул тууралуу онлайн картанын маалыматтары тастыктап турат.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 676 миллион 365 миң 764 адам коронавирус жуктурган. Илдетти жуктургандардын сап башында АКШ турса (103 миллион 745 миң 103), экинчи орунда Индия (44 миллион 688 миң 693) бар. Андан кийинки орундарга Бразилия, Франция ж.б өлкөлөр турат.

Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгондордун саны 6 миллион 879 миң 826га жетти. Эки күндө бул көрсөткүч 2 миң 125 адамга көбөйдү. Илдеттен улам адамдар көп каза болгон мамлекеттердин башында кайрадан эле АКШ (1 123 246 адам) турат. Экинчиде Бразилия, андан кийин Индия, Мексика жана башка мамлекеттер.

Бул арада Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 206 миң 707ге жеткен.

Эл аралык саламаттыкты сактоо уюмдары илдет дагы деле бар экенин коңгуроо кагып, санитардык талаптарды адатка айлантууга чакырып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10760