50 миң доллар талап кылышкан. Өзбекстанда барымтага алынган кыргызстандык бошотулду
RU

50 миң доллар талап кылышкан. Өзбекстанда барымтага алынган кыргызстандык бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жаранын уурдап, барымтада кармап отурган факты аныкталды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кыргызстандык Өзбекстандан табылды.

Белгилүү болгондой, 28-февралда О.С.Т. аттуу жаран УКМКга кайрылып, белгисиз бирөөлөр О.Т.Т. аттуу агасын Өзбекстанга уурдап кетишкенин, барымтада кармалып турганын айтып кайрылган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 23-октябрында эки киши алдоо жолу менен "Баймак" өткөрмө пункту (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району) аркылуу О.Т.Т`ны Өзбекстанга алып кетишип, ал адамды барымтада беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча эки өлкөнүн коопсуздук комитети иш алып барып, Өзбекстандын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны кармалып, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алып келинип, жакын туугандарына өткөрүлдү.

Учурда кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10791