6-кабаттан кулап түшкөн эки жаштагы кыз аман калды
RU

6-кабаттан кулап түшкөн эки жаштагы кыз аман калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция 6-кабаттан кулап түшкөн бала тууралуу кошумча маалымат берди. Эки жаштагы кыз аман-эсен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Бишкектин Свердлов ИИБси маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 25-мартында, №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасынан, саат 18:04тө, 2019-жылы туулган кичинекей кыз госпитализацияланды, деген маалымат келип түшкөн. Ал Чүй проспект көчөсүндө жайгашкан үйдүн 6-кабатынан кулап түшкөн.

Бул факт Свердлов районунун ИИБсине КРдин Жазык кодексинин "ден соолукка зыян келтирүү" беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, М.З. башка балдар менен бөлмөдө ойноп жаткан. Андан улуураак 3 жаштагы эжеси терезенин жанында турган диванга чыгып, терезени ачкан.

Дарыгерлердин айтымында, 6-кабаттан кулап түшкөн кыздын алты саны аман, эч жери сынган эмес. Учурда менчик клиникада текшерүүдөн өтүп жатат. Баланын абалы туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1079