Үрөйдү учурган жол кырсык: Tico эки аял, бир жаш баланы жолдун ортосунан сүзүп кеткен
RU

Үрөйдү учурган жол кырсык: Tico эки аял, бир жаш баланы жолдун ортосунан сүзүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-мартта саат 16:30да Ала-Буканын борбодук жолунда үрөйдү учурган жол кырсыгы катталды: эки аял (алардын биринин колунда баласы бар) жолдон өтүп бара жатканда, Тико үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кырсыктын чоо-жайын маалымдады.

Белгиленгендей, аталган жолдо жөө жүргүнчүлөр үчүн белгилер жок. Мындан улам аялдар жолду туура эмес жерден – көчөнүн ортосунан кесип өтүшкөн.

Андан соң ар кандай жаракаттарды алган жабырлануучулар Ала-Бука аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, аларга тез арада жардам көрсөтүлгөн.

Жабыр тарткандар: 50 жаштагы жергиликтүү айым. Кырсык болгон учурда колунда үч жашар баласы жана жанында он беш жаштагы кызы болгон. Маалыматка ылайык, аларга баш мээси чайкалып, бөйрөктөрүнөн жабыркаган, макрогематурия деген диагноз коюлган.

Унааны сүзүп кеткен Тико унаасынын айдоочусу 1939-жылы туулган жергиликтүү тургун болуп чыкты. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.

Анализдин жыйынтыгына ылайык, кырсык болгон учурда айдоочу мас эмес болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10850