Call-борбор: Майлуу-Сууда крандан ылай, кум аралашкан суу агат. Маселени чечкен жан жок
RU

Call-борбор: Майлуу-Сууда крандан ылай, кум аралашкан суу агат. Маселени чечкен жан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну редакциябызга кайрылып, ачуу чындыгы менен бөлүштү.

Ал шаар тургундары бир топ жылдан бери ылай суу ичип жатышкандарын айтат.

"Биз 20 жылдан бери кум, ылай аралашкан сууну ичип келебиз. Ичкенибиз ушундай жараксыз суу, бирок төлөмдү таза сууга төлөгөндөй төлөйбүз. Кышында, январь айында биздин жетекчилерибиздин айынан катталган коллапстан кийин эч ким жазага тартылган жок. Анткени алар (шаар башчылары) Талант Мамытовдун калкалоосунда. Кандай гана комиссия келген жок, "чай менен тойгузуп" узатып коюшат. Жыйынтык ушул, биздин таза суу көйгөйүбүз чечилбей келет.

Февраль айында таза суу берилет дешти, биринчи жолу алдап, убада берип жаткан жок. Биз, тургундар, таза сууга жетпей турганыбызды билебиз. Мындай суу бизде жыл бою агат, чарчадык. Бул сууну бизге дарыядан түз беришет, тазалашпайт. Кудай сактасын, баары оорубасын, бирок ошондо да эч ким жазаланбайт", - деди жергиликтүү тургун.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10891